Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРКУНУЧТУУ ЖҮКТӨР – өздөрүнө таандык касиеттерден улам, белгилүү бир жагдайларда, жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда жана сактоодо жарылууга, же техникалык каражаттардын, жабдуулардын, курулуштардын ж. б. темиржол унаа объектилеринин кыйроосуна, ошондой эле адамдардын, айбанаттардын кырылуусуна, жаракат алууларына, ууланууларына, күйүүлөрүнө жана ооруларына алып келүүчү, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирүүчү заттар, материалдар, буюмдар, өндүрүштүк ж. б. иштердин калдыктары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРКУНУЧТУУ КАЛДЫКТАР – өзалдынча жана ошондой эле башка заттар менен аралашканда адамдардын саламаттыгы жана курчап турган айлана-чөйрө үчүн түздөнтүз же кыйыр коркунуч келтирүүчү, өзүнүн курамында коркунучтуу (ууландыруучу,жуктуруучу, жардыруучу, күйүүчү, жогорку реакциялык мүмкүнчүлүктүү) касиеттердин бирин камтыган, алар жетиштүү санда жана түрдө болгон (радиоактивдүүлөрдөн башка) калдыктар.